02

Ноябрь

2016

Кытай Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын Кыргыз Республикасына жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери  Ли Кэцяндын Кыргыз Республикасына жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Элдик Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешкен коммюникеси.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Элдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз грант берүү үчүн техника-экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашуу.

3. Эки мамлекеттин кичи жана орто бизнес тармагына дем берүү боюнча өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрилиги менен Кытай Элдик Республикасынын сапат, инспекция жана карантинди көзөмөлдөө боюнча Башкы башкармалыгынын ортосунда метрология жана стандартизация тармагында макулдашуу.

5. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Кытай Элдик Республикасынынын Интелектуалдык менчик мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда интелектуалдык менчик тармагында кызматташуу боюнча келишимге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча протокол.

6. Инвестициялык кызматташтыкты жана өндүрүш кубаттуулугун бекемдөө боюнча биргелешкен меморандум.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү