12

Октябрь

2017

ӨБЖ КМШнын отурумунун жыйынтыгында эки эл аралык келишимге жана бир катар чечимдердерге кол коюлду

Бүгүн, 11-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекет башчыларынын жыйынында бир катар документтерге кол коюлду.

Анда эки эл аралык келишимге жана бир катар чечимдерге кол коюлду:

- Россия Федерациясынын аймагында болуу шарттары жөнүндө, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү координациялоо жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрү боюнча катышуучу мамлекеттердин- Көз карандысыз шериктештигине кирген мамлекеттердин аймагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Көз карандысыз камлекеттердин ортосундагы макулдашуу;

- жазык иштери боюнча материалдык далилдер болуп саналган баңги заттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору, ок атуучу курал-жарактар, анын негизги бөлүктөрү, жарылма заттар жана жардыргыч түзүлүштөрүн берүү тартиби жөнүндөгү Протокол;

- Көз карандысыз мамлекеттердин төрагалыгы жөнүндө;

- кезектеги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын жыйынын өткөрүү жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин катышуучу – мамлекеттеринин Парламенттер аралык Ассамблеясынын иш-аракеттерин өркүндөтүү жөнүндө жана анын учурдагы заманбап шарттарга ыңгайлашуусу тууралуу;

- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин 2019-жыл китептер жылы, 2020-жыл Улуу Ата Мекендик согуштун 1941-1945-жылдарынын 75 жылдыгына арналган жыл деп жарыялоо жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет-катышуучуларынын башчыларынын үй-бүлө институтунун жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо жөнүндө билдирүүсү;

- "Шериктештиктин маданий борборлору" аттуу мамлекеттер аралык программасын 2017-жылы Армения Республикасында, 2019-жылы Беларусь Республикасында, 2020-жылы Казакстан Республикасында ишке ашыруу жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин тышкы иштер министрлеринин кеңеши жөнүндө жобо;

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин экономикалык кеңеши жөнүндө жобо;

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жобосуна өзгөртүү киргизүү тууралуу жобо;

- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин кылмыш жолу менен алынган кирешени легалдаштыруусун (адалдоого), терроризмди каржылоону жана массалык кыйратуучу куралдарды таркатуусун каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин коррупцияга каршы аракеттенүүнүн кызматташуу Концепциясы жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин бириккен абадан коргонуу системасына ылайыкташтыруунун космостогу коргоо кыйынчылыктарына туруштук берүүнүн негизги багыттары;

- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин грамотасы менен сыйлоо жөнүндө.

 [su_carousel source="media: 105062,105063,105064,105065,105066,105067,105068,105069,105070,105071,105072,105073,105074,105075,105076,105077,105078,105079,105080,105081,105082" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү