26
Май
КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 26-майда, Россия Федерациясындагы Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын соңунда кызматташтыктын алкагында мыдан ары кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Тактап айтканда, төмөнкү документтер:
- 2017-2019-жылдар аралыгында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн аймагында эл аралык ташууларда транспорттук коопсуздук стратегиясын жүзөгө ашыруу үчүн, биринчи кезектеги чаралардын планы;
- 2011-жылдын 18-октябрындагы эркин соода аймагы тууралуу келишимдин 4 тиркемесинде каралгандай, эксперттик комиссиянын төрагасынын, мүчөлөрүнүн чыгымдарын ордуна коюу жана алардын сыйлыктарын төлөө өлчөмдөрүнүн тартибин аныктоо;
- 2020-жылга чейин КМШ катышуучуларынын – инновациялык кызматташуу мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу боюнча 2017-2020-жылдарга ишке ашырыла турган иш чараларынын комплекси;
- Юридикалык, ченемдик-укуктук жана техникалык регламенттердин шайкештигин баалоо боюнча, стандартташтыруу, каттоо жана атом энергиясын тынчтык максатында колдонуу жана метрология боюнча ыкмалардын ишке ашыруу жөнүндөгү макулдашуу.
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн кайра даярдоо жана геодезия, картография, кадастр жана аралыктан байкоо тармагында адистердин жогорку билими боюнча Мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу;
- Казакстандын материалдык эксперименталдык комплексинин биргелешип пайдалануу жөнүндө келишим;
- Жасалма буюмдарды өндүрүүгө жана бөлүштүрүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Укуктук жана интелектуалдык менчикти коргоо тармагында жана 2010-жылдын 19-ноябрындагы укуктук коргоо жана интелектуалдык менчикти коргоо маселелери боюнча Өкмөттөр аралык кеңешти түзүү тууралуу Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
-2020-жылга чейинки аралыкта КМШ катышуучу мамлекеттердин инновациялык кызматташуусу Өкмөттөр аралык программасы жөнүндөгү Жобону актуалдаштыруу тууралуу;
- Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин катышуучу мамлекеттери уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүү координациясы боюнча Бюро тууралуу Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- 2016-жылдын 16-сентябрындагы КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Кеңешинин Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин экономикалык соту тууралуу чечимин ишке ашыруу жөнүндө.
[su_carousel source="media: 95698,95700,95701,95702,95703,95704,95705,95706,95707,95708,95709,95710" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү