04

Август

2015

Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүлдү

Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Жапаркулов Р.Э жетектеген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

4-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча, Баткен областынын Баткен районунун жана Тажикстан Республикасынын чектеш районунун жергиликтүү калкы катышкан кыргыз-тажик чекарасындагы чатакка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Жапаркулов Р.Э жетектеген ведомство аралык жумушчу  топ түзүлдү.

Аталган жумушчу топ Баткен облусуна чатакты жөнгө салуу жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган тийиштүү иш-чараларды өткөрүү максатында жөнөп кетти.

Учурда Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Чек ара кызматтарынын жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү чатакты жөнгө салуу максатында жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү