04
Сентябрь
Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча ЖКК тутумундагы Реформалар пакети иштелип чыкты
Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча Жол-кайгуул кызматы (ЖКК) тутумундагы Реформалар пакети иштелип чыкты.
Мындан мурда Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясында белгилегендей, ЖКК ушул кезге дейре тартип орнотулган эмес жана түзүмгө тез арадагы реформалар зарыл. Абалды өзгөртүү боюнча жасалган аракеттер убактылуу өзгөртүүлөрдү гана алып келген.
Буга байланыштуу Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча көзкарандысыз эксперттик топ ЖКК тутумундагы Реформалар пакетин иштеп чыгуусун аяктоодо, ал өзүнө төмөнкү багыттарды камтыйт:
- Жол кыймылы эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулду акчалай түрдө кабыл алуунунун толук түрдө жоюулушу;
- Айдоочулук күбөлөктү алуу одоно мыйзам бузууда гана, мисалы, мас абалда унаа башкаруу учурунда ишке ашырылат;
- ЖКК кызматкери тараптан портативдүү видеорегистраторлордун милдеттүү түрдө пайдаланылышы, ал өз кезегинде ЖКК кызматкерлерин жана жол кыймылынын катышуучуларын тартипке чакыруга шарт түзөт. Учурда КР Ички иштер министрлиги тараптан портативдүү видеорегистраторлорду сатып алууга тендер өткөрүү тууралуу маселе чечилүүдө;
- ЖКК жетиштүү түрдө өнүкпөгөн материалдык-техникалык базасына, жол кыймылы катышуучулары тараптан үзгүлтүксүз түрдө түшүп жаткан сын-пикирлерге байланыштуу ЖКК кызматкерлеринин жеке унааларын атайы жарыктандыруу жана үн сигналдарын, атайы графикалык схемаларды милдеттү түрдө орнотуу ыкмасы менен кызматтык максатта пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө маселе чечилүүдө;
- Жол кыймылын көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү үчүн Токмок жана Кара-Балта шаарларындагы, ошондой эле «Бишкек-Токмок» жана «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолдорундагы жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча автоматташтырылган тутумду киргизүү маселеси иликтенүүдө;
- ЖКК ар-кыл рейддерди өткөрүүдө жана коомчулукту ЖКК кызматкерлеринин кызмат өтөөдөгү чыныгы шарттары тууралуу обьективдүү маалымат берүүгө пайдалануу максатында жарандык коом, бизнес-ассоциациялар, кесипкөй жана тармактык союздардын, эксперттик коомчулуктун, ЖМК өкүлдөрүнөн турган коомдук байкоочу кеңешти түзүү маселеси каралууда. Ошондой эле ал жол эрежесин одоно бузган жана чырдуу абалды жараткан жол кыймылы катышуучуларынын туура эмес аракеттери тууралуу фактыларды чагылдырууга тартуу максатында түзүлүүдө;
Мындан тышкары, ар-бир инспектор жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айыппул боюнча квитанцияларды чыгаруу үчүн термо-принтерлер жана портативдүү видеорегистратор менен камсыздалат. Термо-принтердин маалыматтары автоматтык түрдө КР ИИМ ЖКК борбордоштурулган маалымат базасына жиберилет.
Учурда IT-адистер тарабынан программалык камсыздоо үчүн техникалык тапшырма иштелип чыгууда жана тийиштүү техника жана жабдуулардын тизмеси түзүлүүдө.
Сентябрь айынын соңуна дейре коомчулукка жана ЖМКга ИИМ ЖКК тутумундагы Реформалар пакетинин бетачары сунушталат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү