10
Май
2016-жылдын 31-мартына карата өлкөнүн мамлекеттик тышкы карызынын өлчөмү 3 646 млн АКШ долларын түздү
2016-жылдын 31-мартына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын өлчөмү 3 646 млн АКШ долларын (255,3 млрд сом), же 2015-жылдын ИДПсына карата 60,3 % түздү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган багыттарга ылайык тышкы карыздарды тартуунун катаал саясатын карманат. Жалпы тартылган тышкы насыялардын 99 % жеңилдетилген шартта алынып, 0,75-2, 0% үстөк менен 40 жылдык мөөнөткө алынган. Тышкы карыздардын 90 % ашууну ар-кандай инвестициялык долбоорлор үчүн алынган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлин камсыздоо максатында тышкы карызды кыскартуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылы гана тышкы кредиторлор тараптан 43,5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү карыз кечилген: Германия Федеративдик Республикасы – 13,5 млн АКШ долларын (Апрель айы) жана Россия Федерациясынын Өкмөтү 30,0 млн АКШ долларын (бир жыл ичинде) кечкен.
Кыргызстан экономикасы үчүн мамлекеттик карыз өлчөмүнүн кескин өсүүсүнө жол бербөөнүн маанисин сезүү менен жана мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык өсүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чаралардын тизимин кеңейтүүгө, тышкы карыз алуунун катаал саясатын жүргүзүүгө, мамлекеттик тышкы карызды кыскартууну жана натыйжалуу башкарууну камсыздоого умтулууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү