16
Май
Кабелдик, спутниктик жана интернет телевидения берүү маселеси боюнча, кызматтарды сунуштаган компанияларга гана түздөн-түз кайрылуу керек
Социалдык тармактарда пайда болгон кабелдик телевидения өчүрүлдү деген маалыматка төмөнкүдөй тактоолорду киргизебиз.
Учурда Бишкек шаарында, Чүй облусунда, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коммерциялык телеканалдарга тейлөө көрсөткөн жеке байланыш операторлор жана интернет-провайдерлер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аталган компаиялардын тейлөөлөрү коммерциялык багытта акы төлөп көрсөтүлөт.
Кабелдик же спутниктик телеканалга кошулууда ар бир абонентке телеприставка же спутниктик ресивер орнотулат, ал жабуудар да кадимки ресивер сыяктуу телевизорго туташтырылат. Кошулгандан кийин абонент 100 (жүз) же андан ашык канал көрүүгө мүмкүндүк алат.
Спутниктик жана интернет, кабелдик теле кызмат көрсөтүүнүн шарттары боюнча кабелдик кызматтарды камсыз кылуу жол-жобосу, жана техникалык колдоо кызматын көрсөткөн компанияларга түздөн-түз кайрылууга болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандар санариптик форматта акысыз көрө ала турган, социалдык пакетке кирген 13 каналга гана жоопкерчиликти алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү