19
Декабрь
КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Москва шаарындагы өрт учурунда адам өмүрүн сактоого катышкан бир катар кыргызстандык жана россиялык жарандар сыйланат
Россия Федерациясынын Москва шаарындагы типографиянын имаратындагы өрттөн Кыргыз Республикасынын жарандарын сактоодо көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен бир катар жарандар сыйланат.
Белгилесек, мурдараак Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өкмөткө 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарындагы өрт учурунда адамдарды сактап калууга катышкан жарандарды сыйлоо тууралуу маселени иштеп чыгууну тапшырган.
Аталган тапшырманы аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ички иштер министрлиги тарабынан өрт учурунда адам өмүрүн сактоодо көмөк көрсөткөндөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган сүрөттөрү боюнча он жарандын өздүк маалыматтары такталган.
Сунушталган маалыматтардын негизинде Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкү жарандар сыйланышат:
Абдыгапар уулу Азизбек – Ош облусунун Ноокат районунун Төлөс айылында туулган;
Алимбек уулу Маматсабыр – Ош облусунун Ноокат районунун Жатан айылында туулган;
Ахматов Азамат Тавалдиевич – Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарында туулган;
Борисов Александр Сергеевич – РФ жараны;
Заиров Махамат Акимович – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
Лугвин Юрий Артурович – РФ Удмурт Республикасынын Сарапул шаарынын тургуну;
Марип уулу Таалайбек – Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган;
Урматбек уулу Жоомарт – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында туулган;
Хван Александр Вячеславович – Бишкек шаарында туулган, РФ жараны;
Шакиров Аширбек Эсеналиевич – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган;
Премьер-министрдин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын сыйлануучуларга тапшырууну уюштуруу тапшырмасы берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү