07

Февраль

2017

Экспортер-ишканаларды колдоого алуу – Өкмөт алдында турган негизги милдеттердин бири

Экспортер-ишканаларды колдоого алуу – Өкмөт алдында турган негизги милдеттердин бири. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2016-жылкы ишинин жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиясынын жүрүшүндө билдирди.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, 2016-жылдын башталышындагы экономикадагы терс динамикага карабастан, жыл жыйынтыгы боюнча ИДП өсүү деңгээлин 3,8% жеткирүү мүмкүндүгү болду, бул болжолдорго караганда жогору көрсөткүч болуп саналат.

«Өлкөнүн экономикалык оңдуу көрсөткүчүнө бардык мамлекеттик органдар тараптан салым кошулуп, анын катарында экономика жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоочу Экономика министрлигинин да орду бар. Буга катар 2017-жылы жетишилген ийгиликтерди чыңдоо жана жарандардын бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча көптөгөн иштер турат. Коюлган максаттарга милдеттерди чечүүдө тутумдук жана кесипкөй мамиле кылууда жетишүүгө болот», — деп белгиледи ал.

Жыйын жүрүшүндө вице-премьер-министр Олег Панкратов 2017-жылга Иш планын сунуштаган Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу уюмдардын ишине көңүл бурду.

«Министрликке караштуу уюмдардын 2017-жылга Иш планы олуттуу толуктоолорду жана кайрадан карап чыгууну талап кылат. Көрсөтүлгөн документтер ар-бир иш-чаранын аткаруу мөөнөтү жана анын аткарылышын баалоо индикаторлору менен түзүлүшү абзел. Бул ар-бир түзүмдүк подразделениненин ишин объективдүү баалоого жана жыл жыйынтыгы боюнча тийиштүү баа берүүгө мүмкүндүк берет. Өзгөчө көңүлдү өлкө ишканаларында ISO 9001, ISO 22000 эл аралык стандарты боюнча сапат тутумун киргизүү маселелерине буруу зарыл. Маанилүү багыт катары ILAC (Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык уюм) линиясы боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жана өлкөдөгү инвестициялык жагымдуулукту түзүү жана эл аралык рейтингдеги республиканын позициясын жакшыртуу үчүн банкроттук тутумду өркүндөтүү саналат», – деп белгиледи вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү