19

Декабрь

2016

«Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоо маселеси жөнүндө» Өкмөттүн токтомуна кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоо маселеси жөнүндөгү» Өкмөттүн токтомуна кол койду.

Аталган Токтомго ылайык,  Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк жарандардын келген жери боюнча катталуудан бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси бекитилет. Ал Өкмөттүн чечимдерин “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына дал келтирүү жана чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактардын өлкө аймагында жүрүүсүн иретке келтирүү максатында иштелип чыккан.

Аталган токтом аркылуу  Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмеси жана Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби бекитилген.

Документке ылайык, 92 чет мамлекеттин жарандары беш күндүк каттоо мөөнөтүнөн бошотулат.

тизме менен таанышуу үчүн, төмөнкү шилтеме аркылуу өтүнүз

Аталган токтом менен кененирээк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн www.gov.kg расмийсайтынын «Токтомдор жана буйруктар» бөлүмүнөн тааныша аласыздар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү