27
Сентябрь
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейиндеги өрттөн кийинки экспонттардын абалын баалоо боюнча ведомство аралык комиссиянын иши жыйынтыкталды
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында 2016-жылдын 22-июлунда орун алган өрттүн натыйжасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу түзүлгөн Ведомство аралык комиссиянын иши жыйынтыкталды.
Комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча аныкталгандай, конференц-залдагы өрттөн экспонаттар жабыркаган эмес, андан конференц-залдагы жараксыз деп табылган буюмдарды жабыркаган.
Музей экспонаттары “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде жайгашкан музейлик баалуулуктарды сактоо жана эсепке алуу инструкциясына” ылайык таңгакталган жана сактоочу жайларга коюлган.
Жыйындар залында жараксыз деп табылган буюмдар жана материалдык-чарбалык буюм-тайымдар болгон.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин баалуу металдар фондунун музейлик предметтери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын убактылуу сактоосуна өткөрүлүп берилген.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде ири масштабдагы реконструкция жүргүзүлүүдө, ал 2017-жылы толугу менен аякталат.
Реконструкциялоодон кийин музей заманбап талаптарга жооп берип, кыргыз тарыхындагы байыркы мезгилден азыркы күнгө чейинки тарыхый буюмдар камтылган жаңы экспозиция түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү