11
Апрель
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин саясий билдирүүсү
"Урматтуу мекендештер!
Акыркы күндөрү менин жана өкмөттүн айланасында жалган маалыматтардын жана интригалардын кампаниясы жүрүп жатканына баарыбыз күбө болуп жатабыз. Өлкөдөгү «саясий климат» тезинен өзгөрдү. Мындай кырдаал өкмөттүн ишин татаалдаштырды.
Буга чейин деле ар кандай негизсиз куру сөздөр өкмөттүн ар кыл тармактарына айтылып келген. Алардын ичинен Балыкчы-Корумду жолун оңдоого байланыштуу маселе курч турду.
Бул тендерди өткөрүүдө эч качан кийлигишпегенимди дагы бир жолу белгилейм.
Тескерисинче, бул маселе боюнча ачык, обьективдүү жана тыкыр иликтөө жүрүшүнө абдан кызыкдармын.
Бирок айрым саясий күчтөр, бул маселенин обьективдүү иликтенишине каршы чыгышууда. Депутаттык комиссиянын бир тараптуу, адилетсиз иши муну толук көрсөттү.
Мындай шартта, айрым күчтөрдүн коомдук пикирди бурмалап, өкмөттүн жана премьер-министрдин ишине негизсиз кийлигишкенине жол бербейм.
Менин мындай ыплас саясий оюндар менен алектенүүгө убактым да, ниетим да жок.
Ар кандай ушактар, имиштерден улам өкмөттө татаал абалды жаратып, толук кандуу иштешине тоскоол болууда. Мындай кырдаалга эч качан жол бербешибиз керек.
Өлкөбүз бардык тармакта өзгөрүүлөргө, тынымсыз аракеттерге абдан муктаж болуп турат.
Мен өзүмдүн саясий максатымды өлкөмдүн жана элимдин кызыкчылыгын ар дайым жогору коюп келгем. Ошондуктан, бүгүн мен Премьер-министрлик кызматтан отставкага кетем.
Мен бул жоопкерчиликтүү кызматта иштеп турганда мамлекетибиздин жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн жоопкерчиликтүү жана тынымсыз иштегенге аракет кылдым.
Мындан канчалык жыйынтык чыкты, ага бааны элибиз берет.
Алдыбызга койгон пландар жана үмүттөр сөзсүз түрдө ишке ашат. Буга өкмөттү колдоп, биз менен бирге жашоонун жакшырышына үмүт байлагандарды да, ошол эле учурда ишибизди сындап, өз сунуштарын бергендерди да ишендирип кетем.
Менин келечекке болгон пландарым өлкөм менен тыгыз байланышкан жана анын кызыкчылыгына толугу жооп берет.
Мен саясатта калам жана алдыда абдан көп пландарды ишке ашырууга ниетим бар.
Өлкөбүздөгү бардык прогрессивдүү күчтөрдү алдыга карай ишенимдүү кадам шилтөөгө жана өлкө жыргалчылыгы үчүн бирдикте аракет кылууга чакырам.
Баарыңыздарга чоң рахмат!
Жаңы өкмөткө ийгиликтерди каалайм!".