09
Февраль
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү билдирет : Нарын облусунда көмүр тартыштыгы жок
2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине Нарын облусунун экономика тармагына жана калкына 43миң 731 тонна көмүр отуну керектелет. Анын ичинде бюджеттик мекемелерге керектелүүчү 15 миң 753 т көмүр отунун жеткирүү 2016-жылдын 8-ноябрында аяктаган. Ал эми элге зарыл болгон 22миң 750 тонна көмүр толугу менен ташылып, калк камсыз болгон. Ошентсе да облустун аймагында аба температурасы кескин төмөндөп, отунду керектөө өсүп жаткандыктан, көмүр кесимдеринен көмүр сатуучу кампаларга таратуу иштери жүргүзүлүүдө. Облуста жалпы 68 элге көмүр сатуучу кампалар иштөөдө. 2017-жылдын 8-февралына карата 58 кампадагы көмүр отунуну запасы 1139 тоннаны түзөт.
Нарын шаарындагы кампаларга көмүр отунун ташуу боюнча жеке ишкер менен Нарын шаардык мэриясы келишим түзүп, көмүр тартуу иштерин жүргүзүүдө. Райондордо дагы жеке ишкерлер менен айыл өкмөттөргө келишим түзүп, көмүр отунун ташууда. Бүгүнкү күнгө карата бардык жерлерде көмүр тартыштыгы жок. Айрым жерлерде көмүр отуну өтпөй калуу учурлары байкалууда (Ат-Башы р., Ак-Талаа р.) Өндүрүлгөн көмүр отунунун көлөмүн көзөмөлгө алуу, уурдап сатууларга жол бербөө максатында Жумгал районундагы туруктуу иштеген «Турускул», «Арал» тараза-көзөмөл посттору жергиликтүү бийлик органдары, ички иштер, салык кызматтарынын өкүлдөрү тарабынан көзөмөлгө алынууда. Көмүр өндүргөн ишканалар тарабынан 2016-жылдын 12 айына 772,9 миң тонна көмүр өндүрүлүп, өсүү темпи 102,0%ды түздү.
Көмүрдүн 1 тоннасы кампаларда Ак-Талаада 3500-3800 сом, Ат-Башыда 3300-3500 сом, Жумгалда 950-2130 сом, Кочкордо 2600-2800 сом, Нарын районунда - 3000-3500 сом, Нарын шаарында -3000-3500 сомдон болууда