22

Декабрь

2016

Чүй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновго эскертүү берилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кудайбергенов Бактыбек Жапаровичке жүктөлгөн милдетти тийиштүү аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү