17

Февраль

2017

Чүй облусундагы КР Өкмөтүнүн өкүлчүлүгү маалымдайт: «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга гуманитардык көмөк ырааты менен жеткирилүүдө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты Чүй облусунун Сокулук районундагы «Дача СУ» айылында орун алган  «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга калктан түшүп жаткан гуманитардык көмөктү ырааты менен жеткирүүдө.

Бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан берилген квартираларда убактылуу жашап жаткан 12 жабыркаган үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү буюм-тайымдар жана азык-түлүк берилген.

Мындан тышкары, каза болгондордун туугандары алардын кырк ашын өткөрүүгө камданууда. Буга байланыштуу Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү өз жакындарынан айрылган 14 үй-бүлөгө гуманитардык жардам жеткирген.

Жыйынтыгында, бүгүнкү күндө  кампада тез бузулбоочу азыктар жана көпкө колдонулуучу (кийим, бут кийим, төшөнчүлөр, идиш-аяктар) буюмдар калды.

Жабыркагандардын (12 үй-бүлө) туруктуу жашай турган жер менен камсыз болуу маселеси чечилгенден кийин, кезеги менен дагы гуманитардык жардамдарды алышат.

Ошондой эле Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жабыркагандарга жана алардын туугандарына жардам берүүдөн баш тартуу болгон эместигин баса белгилейт. Ал эми авиа кырсыктан жабыркагандар категориясына кирбеген жарандарга гана жардам берүүдөн баш тартылууда.

Эскерте кетсек, өкмөттүк комиссиянын чечими менен, жабыркагандарга кыргызстандыктардан келип түшкөн керектүү гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү, КР Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Аппаратына жүктөлгөн. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабыл алуу пункттарына түшкөн гуманитардык жардам 2017-жылдын 1-февралында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына анданс ары бөлүштүрүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү