16

Январь

2017

«Боинг-747» учагынын кырсыкка кабылуусунун натыйжасында жабыркагандар жана каза болгондордун жакындары «Семетей» мейманканасына жайгаштырылат

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев «Манас» эл аралык аэропортунун жанында Чүй облусундагы Сокулук районунун Дача-Суу айылында «Боинг-747» учагы кырсыкка кабылган жерде жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына көмөк көрсөтүү боюнча ыкчам кеңешме өткөрүүдө.

Кеңешменин жүрүшүндө Мухамметкалый Абулгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга авиациялык кырсыктан жабыркагандарды жана каза болгондордун жакындарын Бишкек шаарындагы «Семетей» мейманканасына жайгаштырууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү