09
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Жеңиш күнү менен куттуктоосу
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун тексти:
«Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгы менен куттуктайм!
Өлкөбүздүн тарыхында эч унутулгус окуялар бар. Ушундай окуялардын бири - Улуу Ата Мекендик согуштагы элибиздин каармандыгы жана улуу Жеңиши. Жалпы улуттук майрам болуп калган ушул күнү баарыбызды Улуу Жеңиш үчүн сыймыктануу сезими толкундантып турат.
Кыргызстандын эли согуш талааларында өмүрүн Жеңишке арнаган уулдары жана кыздары менен сыймыктанат. Оорукта күн-түн дебей, ысык-суукта өз жанын аябаган он миңдеген кыргызстандыктардын эмгеги Ата-Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү болуп түбөлүк калат.
Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери баатырларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин унуттурбай, жаштарды эрдикке шыктандырып, мекенчилдик сезимдерин ойготуп келишүүдө. Ал эми биздин ыйык милдетибиз – ардактуу ардагерлерибизди урмат-сыйга бөлөп, ар-тараптан камкордук көрүү.
Урматтуу ардагерлер! Ар-бириңиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо, аманчылык каалайм! Кан-жаныңарды аябай, сактап калган тынчтык үчүн, Улуу Жеңиш үчүн сиздерге баш ийип, таазим кылабыз!
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш. Жээнбеков”.КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү