01
Июль
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин куткаруучулар күнү менен куттуктоосу
Урматтуу куткаруучулар! Сиздерди 1-июль Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын күнү менен куттуктаймын!
Ушул түйшүктүү, ары сыймыктуу, кадыр-барктуу кесипти аркалап, өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салып, ар кандай кооптуу табигый кырсыктарды жеңип, алдын алып, аларга каршы күрөшүп чыныгы баатырларча кызмат кылып келүүдөсүздөр. Ошондой оор кырдаалдарда куткарылган ар бир адамдын өмүрү үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирип, сиздер менен сыймыктанабыз. Сиздердей эр жүрөк, патриот, өз мекенине берилгендик менен кызмат кылган мекендештерибиздин бар болгону үчүн элибиздин жүрөгүндө тынчтык орноп, бейкутчулук өкүм сүрөт.
Ушул касиеттүү куткаруучулук кесиптин ээлери, сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап жатып, татаал жана сыймыктуу ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалап, бекем ден-соолук, үй-бүлөңүздөр менен бакубат узак өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин. Эли-жерибизди коргоодо эмгегиңиздер жемиштүү болуп, мекенибизде тынчтык болсун!
Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун, кыргыз элинин сиздерге болгон алкышы артып, батасы тийсин!
Сиздерди урматтоо менен,
Премьер-министр Т.А. Сариев