31
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Жаңы жыл майрамы менен куттуктоосу
«Урматтуу мекендештер!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Баарыңыздарды кирип келген жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Өтүп бара жаткан жыл Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы дүйнө үчүн орошон окуяларга бай, оош-кыйыштуу учурлар менен коштолду. Ошентсе да, баарыбыз биргеликте өлкөбүз үчүн абдан маанилүү жана пайдалуу иштерди жасай алдык.
Биринчиден, 4-октябрда Кыргызстанда ачык-айкын, парламенттик шайлоо өткөрүп, жаңы чакырылыштагы парламентти түптөдүк. Муну менен биздин эл, коом терс адаттардан: коррупциялык, кландык, үй-бүлөлүк башкаруудан кеткенибизди далилдей алдык. Саясий туруктуулук орноду. Экономикалык жана финансылык көз карандысыздык чыңдоого белсене кириштик. Бул элибизге дем берди.
Экинчиден биз, бул жылы Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү болгон Евразиялык Экономикалык Биримдиктин толук кандуу, тең укуктуу мүчөсү болуп, интеграциялык өнүгүү жолубузду тандап алдык.
Ошондой эле өтүп бара жаткан жылы энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, гидроэнергетикалык системаны толук башкарууга мүмкүнчүлүк алдык. “Датка-Кемин” жогорку чыналуудагы линиясы тарыхый долбоордун ишке ашышы болуп калды.
Бул өлкөдөгү жолдорду куруу күрдөөлдүү жүрдү, ички жолдорду оңдоо активдешти. Аймактагы аэропорттор ишин жандантты. Муну ошол жердеги эл өзү да сезип турду.
Улуттук экономиканы колдоо жаатында, өнөр жайды жандантууга басым жасалып, коопсуздукту бекемдөө багытында иштер активдүү жүрүп жатат. Билим берүү тармагында жаш жеткинчектердин татыктуу билим алышына шарт түзүү жаатында кыйла демдүү иштер башталды.
Буюрса, келерки жылы бул иштерди улантып, басмайылды бекем тартып, дагы күрдөлдүү иштерди улантабыз.
Урматтуу мекендештер!
Жыл тогошор алдында өлкөбүздүн ар бир жаранына, ар бир мекендешиме терең таазим этүү менен жарандык бекем позицияңыздарга, өлкөнү өнүктүрүү үчүн аракеттериңиздерге, кубаттуу, байгер Кыргызстанды курууга болгон асыл максаттарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Биздин эң негизги байлыгыбыз-элибиз. Элдин ишеничи бизге опол тоодой жөлөк, тирек.
Өкмөттүн башкы максаты Кыргызстандын ар бир жаранына бакубат, татыктуу жашоо келечек куруу. Бул асыл максатка жетиш үчүн ар бир жаран талбай эмгектенип, тартип жана мыйзамдуулукту бекем сактап, жоопкерчиликти сезе билүүгө тийиш.
Биз учурдагы абалды жакшы билебиз, кетирилип жаткан кемчиликтердин үстүнөн иштеп жатабыз. Эл алдында, тарых алдында, келечек алдындагы жоопкерчиликти жакшы түшүнөбүз. Бизге жүктөлгөн жоопкерчиликти татыктуу аткарууга ниетибиз бекем, эркибиз жетиштүү.
Кадырлуу журтум!
Тирүүлүктүн кербени сапарын улап, жыл жаңырып жатат. Адатта ата бабалар, ай жаңырганда:
“Ай көрдүм, аман көрдүм.
Бакырга бай, жакырга бар заман көрдүм,
Айдан аман, жылдан эсен бололу
Өсүп өнүп тололу”, – деп тилек кылышкан.
Мына эми жыл жаңырып жаңы жыл кирип келгени турат. Жаңырган жылда жараткандан жакшылык тилейли. Элибиз аман, журтубуз эсен болсун. Жергебизге бакыт кушу консун. Кампабыз данга, дасторконубуз нанга толсун. Урпактарыбыз эстүү, нускалуу кептүү, тукуму тектүү болсун. Ырысыбыз болсун. Эл ичи тынч болсун, эмгек кайнап, береке жайнап турсун.
Жүрөгүңөрдө дайыма изги тилектер, жакшылык толуп турсун!
Жаңы жыл баарыбыз үчүн ак жолтой, берекелүү жылдардан болсун!
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев»