07
Март
Премьер-министр Темир Сариевдин 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнɵ арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Тɵмɵндɵ куттуктоонун текстин келтиребиз:
«Урматтуу энелер!
Өмүрдүн гүлү, жашоонун жарык шооласы болгон эже, карындаштар!
Ардактуу асылзаада айымдар!
Эң оболу жаркыраган жаздын алгачкы күндөрүнө туш келген, жашоого жылуулук алып келген, аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан куттуктаймын. Майрамыңыздар кут болсун!
Табигаттын башаты жаз. Жазда баары жашарат, жер бетине жылуулук кирет. Адамзатынын көчүн улаган, жарык дүйнөгө алып келген аялзаты дал ушул жаз менен үндөшүп турат. Энелерибиз тирүүлүктүн кербенин узартып, кыргыз тукумун улап келген. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, былтыр элибиз алты миллионго жетти. Алты миллионунчу жараныбыз да “Айлин”- аттуу татынакай кызыбыз болду.
Калкынын башын көбөйткөн, ырыс көтөргөн, элибиздин туткасы, үйдүн куту сиздерсиздер урматтуу энелер, эжелер, карындаштар!
Аял. Акылмандар бул сөздү “ая, анан ал” деп да чечмелеп көрүшкөн. Чындыгында аялзатына кандай гана салыштыруу айтсак да аздык кылат.
Күн болбосо, Жер да болбос, Ай болбос
Ай болбосо, турмуш көркү шай болбос,
Июль түнү бешик жасап өрүктөн,
Баатыр эне жылдыз тууган айга окшош
Көл болбосо, жел да болбос, жер оңбос,
Жер болбосо, жемиш болбос, эл болбос
Күз болгондо: арча бешик жасатып,
Баатыр эне өмүр берген жерге окшош", - деп залкар акын Алыкул Осмонов жазгандай, энелерибиздин улуулугуна, сулуулугуна дагы бир ирет ынанасың.
Анын үстүнө, алмустактан бери кыргыз калкы аялзатына өзгөчө аздек мамиле жасаган.
Кыргыз айымдары тарыхтын ар кандай кезеңинде, элибиздин үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган.
Кадимки Айкөл Манастын зайыбы, акылга дыйкан энебиз Каныкейдин уулу Семетейге айтканы бар:
Жаш кайыңдай буралган,
Тал чыбыктай суналган.
Кыргый мүчө кымча бел,
Кыздары сулуу кыргыздын.
Өрүүдө үйүн оңдогон,
Көчкөндө төөсүн комдогон.
Келишкен чачпак, кең соору,
Келини сонун кыргыздын.
Анын сыңары, Умай эненин улуулугунан узанган кыргыз кыздары ушул күнгө чейин коомдун баардык тармактарында зор орунду ээледи.
Тагдырдын ар кандай сыноолорунда мамлекетке зор күч, тирек болду.
Саясатта, билим берүүдө, илимде, маданиятта, саламаттыкты сактоодо, өндүрүштө, бейөкмөт уюмдарда айтор кайсы тармакты албайлы, аялзаты катышпаган, жүк көтөрбөгөн жер жок.
Жөн гана катышпастан баардык тармактын алдыңкысы боло алды.
Эмгегин элине арнап эле тим болбостон, кыргыз элин кыйлага таанытууга эбегейсиз салым кошту.
Мындан ары да замандын өнүгүшүнө жараша кандай гана тармак болбосун ийгилик жараткан кыздарыбыздын көп чыгарына ишенем.
Эң башкысы, энелерибиз-үйдүн куту, бекем үй-бүлөнүн башаты.
Дал ушул үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү, энелерге кам көрүүнү күчөтүү максатында Өкмөт “Бекем үй-бүлө” деген программа иштеп жатат.
Программа үй-бүлөнү бекемдөө, барктоо, анын баалуулуктарын даңазалоого басым жасайт.
Уважаемые дамы, матери, сестры!
В начале весны мы всегда привыкли поздравлять вас с замечательным праздником.
Весна сама схожа с женщиной, ее теплотой. Мать-земля начинает оттаивать и вдыхает жизнь в природу.
Когда мы говорим о женщине, в первую очередь вспоминаем о матерях, давших нам жизнь.
Обеспечение спокойствия в семье-это первую очередь заслуга матерей, женщин. Не зря говорят: «женщина – это очаг семьи, ее счастье».
Без женщин невозможно развитие страны и воспитание достойного будущего поколения.
Женщины Кыргызстана по прежнему несут на себе основную нагрузку по воспитанию детей.
Мы - мужчины, отцы и братья должны сделать все необходимое, чтобы обеспечить им счастливое, безопасное материнство.
Урматтуу айжаркын аялзаты!
Таманы турган жер-бейиш болгон энелер!
Бул жашоонун көркү болгон эже, карындаштар!
Сиздер баардык алкоо сөздөргө, маңдай териңер, талыбаган мээнетиңер менен жеттиңер.
Гүлдөй назик, гүлдөй сулуу аялзатына камкордук көрүп, кастарлап алуу мырзалардын милдети.
"Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,
Ошол элдин уулуна кой айыпты"
- деп Эл акыныбыз Майрамкан Абылкасымова жазмакчы, энелерибизди, аялзатын аздектеп, барктап алалы.
Эч убакта эненин көз жашы төгүлбөсүн, жүрөгү сыздабасын.
Ар убак жаз күнүндөй жадырап, жакшы сөз угуп туруңуз.
Бар болгула, ардактуу аялзаты! Майрамыңыздар менен!
Премьер-министр Темир Сариев». [su_carousel source="media: 71929,71930,71931,71932,71933,71934,71935,71936,71937,71938,71939,71940" limit="50" link="image" width="100" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="1" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" link="post" width="160" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]