13

Ноябрь

2015

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин дарегине чет элдик мамлекеттердин өкмөт башчыларынан келген куттуктоолор

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин дарегине чет элдик мамлекеттердин өкмөт башчыларынан жогорку мамлекеттик кызматка  – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышына байланыштуу куттуктоолор келип түшүүдө.

Төмөндө айрым куттуктоолордун текстин келтиребиз:

«Урматтуу Темир Аргембаевич,

Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Менин ишенимимде, мындан ары карай россия-кыргыз стратегиялык шериктештигинин чыңдалышы, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жна башка тармактагы кызматташууну активдештирүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы интеграциялык өз-ара натыйжалуу аракеттешүүлөр узак мөөнөттүү өлкөлөр аралык кызыкчылыктарга толугу менен жооп берет.

Сиз менен биргеликте конструктивдүү иш алып барууга жана күн тартибинин эки тараптуу кең чөйрөдөгү маселелерин талкуулоого даяр экендигимди билдирем.

Урматтуу Темир Аргембаевич, сизге чың ден-соолук, бакубатуулук жана жоопкерчиликтүү ишиңизге ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы                                                                            Д.Медведев Москва ш., 6-ноябрь 2015-жыл»

«Урматтуу Темир Аргембаевич!

Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу чын ниеттен куттуктоомду кабыл алыңыз.

Кыргыз Өкмөтүн кайра жетектөө боюнча Сизге көрсөтүлгөн ишеним, сиздин эмгегиңизге жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүүсүнө кошкон салымыңызга карата болгон жогорку бааны билдирет.

Сиздин ишмердүүлүгүңүз Казакстан жана Кыргызстан ортосундагы салттуу достук мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө жана өлкөлөр аралык эки тараптуу кызматташуусунун кеңейишине жана чыңдалышына салым кошооруна ишеним билдирем.

Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден-соолук, жоопкерчиликтүү кызматыңызда ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалап кетем.

Урматтоо менен, Казакстан Республикасынын Премьер-министри                                                                Карим Масимов Астана ш., 6-ноябрь 2015-жыл»

«Урматтуу Темир Аргембаевич,

Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу ак дилден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Биздин өлкөлөр ортосунда өз-ара урматтоо жана ишенимге негизделген достук жана кызматташтык боюнча жетишилген ийгиликтер мындан ары карай дагы Сиздин активдүү катышууңуз алдында өсүү багытынан тайбасына ишеним билдирем.

Сиздин бул жооптуу кызматтагы жемиштүү ишмердүүлүгүңүз Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө жана элдердин бакубаттуулугуна багытталган тажик-кыргыз өз-ара алакасынын кеңейүүсүнө көөмөктөшөөрүнө ишенем.

Мүмкүндүктөн пайдаланып, Сизге ден-соолук жана жооптуу мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, бакубат турмуш жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаймын.

Урматтоо менен, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри                                                      Кохир Расулзода Душанбе ш., 5-ноябрь 2015-жыл»

«Урматтуу Темир Аргембаевич,

Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.

Өлкөлөр аралык келишимдерге ылайык, Беларусь Республикасы жана Кыргыз Республикасы ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу биздин мамлекеттердин жана элибиздин кызыкчылыгы үчүн ырааттуу өнүгөөрүнө, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграциялык процесстердин чыңдалышына шарт түзөөрүнө ишеним билдирем.

Урматтуу Темир Аргембаевич, сизге чың ден-соолук жана Кыргыз Республикасынын өнүгөп-өркүндөөсү үчүн ишиңизге ийгилик каалайм.

Урматтоо менен, Беларусь Республикасынын Премьер-министри                                                                Андрей Кобяков Минск ш., 9-ноябрь 2015-жыл»

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү