18
Январь
Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек ара маселелерин чечүү боюнча конструктивдүү иштерди улантууну макулдашты
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 17- январда, Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов баштаган делегация менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.
Кыргыз делегациясынын курамына КР Өкмөтүнүн Аппаратынын биринчи орун басары рангындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик чек аранын калган такталбаган тилкелери боюнча позицияларды тез арада макулдашуу зарылдыгы тууралуу пикир билдиришти. Ошондой эле чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу макулдашуу орун алды.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын декабрь айында Өзбекстанга жасаган жумуш сапарынын алкагында эки өлкө башчыларынын ортосундагы жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча өтүүдө.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр Ош шаарында 15-17-январда өткөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү