12
Июль
КР Өкмөтү жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо боюнча биргелешкен келишимге кол коюу тууралуу ТКК коалициясынын билдирүүсүн четке кагат
Интернет мейкиндигинде турак-жай курулуш кооперативи (ТКК) коалициясынын катышуусундагы пресс-конференциядан тартылган видео таркатылып, анда алардын жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо боюнча КР Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу үчүн Кытай Элдик Республикасынан инвесторлорду тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен келишимге кол коюу ниети тууралуу маалымдалат.
Буга байланыштуу билдирсек, бул маалымат чындыкка дал келбейт жана өлкө жарандарын жаңылышууга алып барууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасы ишке ашырылууда. Аталган программаны ишке ашыруу үчүн «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК түзүлүп, анын иши 2015-жылдын декабрь айында башталган. Бул максатта Өкмөт башка эч кандай компанияларды түзгөн эмес. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасынын алкагындагы ипотекалык насыялоо боюнча толук маалыматты «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК www.gik.kg сайтынан ала алат.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү