07

Октябрь

2016

КР Өкмөтү Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук онкология борборун жана Улуттук гематология борборун бириктирүү сунушун колдоого алды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук онкология борборун жана Улуттук гематология борборун бириктирүү сунушун колдоого алды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Өкмөткө эки медициналык мекемени бириктирүү жана бирдиктүү онкогематология борборун түзүү мүмкүндүгүн кароо сунушу менен кайрылган.

Аталган сунуш Улуттук онкология борбору жана Улуттук гематология борбору онкологиялык жана гематологиялык оорулууларга стационардык жана амбулатордук шарттарда адистештирилген көмөк көрсөтүүчү саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлдеги уюмдары экендигин эске алуу менен госиталдык кызматты оптималдаштыруу жана рационалдаштыруу максатында киргизилген.

«Аталган борборлор дарылоо-диагностикалык, илимий-изилдөө жана окутуу-билим берүүчүлүк милдеттерди аткарат. Гемотологиялык оорулуулардын көпчүлүк бөлүгү онкологиялык кызматтын милдетине жүктөлгөн. Клиникалык шартта онкология жана гемотология диагностика жана терапиялык методдорду иштеп чыгууда жалпылыктарга ээ болуп, химия терапиялык ыкмаларды колдонууда иммунотерапии, биологиялык изилдөө ыкмалары, магниттик-резонанстуу томография, биопсия менен байланышат», - деп белгиленет Саламаттыкты сактоо министрлигинин катында.

Өлкөдөгү онкологиялык кызматты жакшыртуу зарылдыгына көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарын колдоп,  кыска мөөнөт ичинде бирдиктүү онкогемотология борборун түзүү боюнча чечимдин долбоорун иштеп чыгууну жана киргизүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү