21
Октябрь
КР Өкмөтү аудиовизуалдык чыгармаларды чыгармачылык иштин тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүүнүн тартибин бекитти
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө төмөнкү категориядагы аудиовизуалдык чыгармаларга жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын башка түрлөрүнө тыюу салынат:
1) порнографиялык сценаларды (эпизоддорду);
2) экстремисттик жана сепаратисттик чыгармалар;
3) мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга же күч менен кармап турууга, ошондой эле мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймагынын бүтүндүгүн бузууга жана коомдук коопсуздукка күч менен кол салган, анын ичинде жогоруда аталган максаттарда мыйзамсыз куралдуу топторду түзүүгө же аларга катышууга, уюштурууга ачык чакырган жана багыт берилген;
4) согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты пропагандалаган;
5) терроризмди актоого жана башка террористтик ишти колдоого чакырган;
6) коомдук коопсуздукту бузууга ачык багытталган;
7) көркөмдүк ой менен акталгандан тышкары, мыйзамдуу бийликти кулатууга чакырган жана даңазалаган нацисттик атрибутикаларды жана символиканы, же нацисттик атрибутикага жана символикага аралашуу даражасына чейин окшош атрибутиканы жана символиканы, ошондой эле тыюу салынган террористтик уюмдардын башка символикаларын эл алдында пропагандалап көрсөтүү;
8) социалдык, расалык, улуттар аралык, этностор аралык же диний кастыкты жандырууга, социалдык, расалык, улуттук диний же тилге тиешелүү жагынан адамдын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого багытталган;
9) мамлекеттик символикалардын атрибуттарын (желекти, гербди, гимнди) кемсинткен жарандык жана улуттук этиканы бузуучу нормалар;
10) баңгилик жана психотроптук заттар жөнүндө ачык пропагандасын камтыган маалыматтар;
11) - өзүн-өзү өлтүрүүгө чакырган сценаларды пропагандалаган же өзүн өлтүрүү сюжеттерин жана же өзүн өлтүрүүгө аргументтерди камтыган.
Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясы катары аныктоо максатында Ведомстволор аралык эксперттик комиссия түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине аталган токтомдон келип чыккан бардык чараларды кабыл алуу боюнча тийиштүү тапшырма берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы