06

Апрель

2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетту 2017-жылдын 10-апрелинде парламенттин кароосуна киргизет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 5-апрелде жумушчу жыйын өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчеттун долбоору талкууланды.

Премьер-министр 2016-жылы Өкмөттүн ишмердүүлүгү, 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясында аныкталган приоритеттүү тармактарына жана ошондой эле 2016-жылдагы Өкмөттүн «Ишеним жана биримдик» программасына багытталгандыгын билдирди.

Өкмөттүн 2016-жылдагы негизги көрсөткүчтөрүнө токтолуп жатып, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы өлкөдө экономикалык өсүү 3,8 % болгонун баса белгиледи.

«Улуттук валютаны бекемдеп, өндүрүштүн өсүү темпин жогоруталууга мүмкүндүк түзүлдү. 2016-жылы экспорт 5,1% өстү. Өлкөнүн экономикасындагы позитивдүү статус ВСП+ жетишкендиги. Биздин экспортерлор өз товарларын кошумча салык төлөмүсүз Европа Биримдигинин рыногуна чыгара алышат. 2016-жылы ЕС мамлекеттеринин аймагында экспорттун көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 44,3% көбөйүп, 72,3 млн АКШ долларына жетти. Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунун алкагында жалпы суммасы 202 млн АКШ долларын түзгөн 647 долбоор каржыланды. 13 миңден ашык дыйкан-фермерлерге 4,8 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кириши менен эмгек мигранттары үчүн жумушка орношуу процедуралары кыскарып, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалы бир топ жакшырганын кошумчалады.

2016-жылы эмгек мигранттарынын мекенине жөнөткөн каражаты 21,6% өсүп башкача айтканда 1,6 млрд сомду түздү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу отчету жаңы форматта даярдалганын баса белгиледи.

«Отчеттун түзүмү толук өзгөртүлдү, баалоо көрсөткүчү Өкмөттүн иш процессине эмес, План жана программалар боюнча ишке ашкан конкреттүү жыйыныктарга коюлат. Өкмөттүн иши элдердин ишеним индексине жана эл аралык тепкичтеги индестин негизинде бааланат. Жаңы отчеттун негизги өзөктүү өзгөчөлүгү болуп, Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн интегралдык сапаттуу көрсөткүчүнүн баасы болуп эсептелет», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы министрликтердин жетекчилерине, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволорго өздөрү көзөмөлдөгөн тармак боюнча жумушчу топко сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Отчет 2017-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын  Жогорку Кеңешке өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет. Конституциялык мыйзамдын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» 12 беренесине ылайык Премьер-министр жыл сайын 15-майга чейин Жогорку Кеңешке Парламент тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасы тууралуу өткөн жыл үчүн отчет берип турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттик фракцияларда жана комитеттерде талкуудан өтүп, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин жыйынына киргизилет.

[su_carousel source="media: 92398,92399,92400,92401,92402,92403,92404,92405,92406,92407,92408,92409,92410" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү