17
Февраль
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык кызматынын ишинде олуттуу жылыштарды күтөт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык кызматынын ишинде олуттуу жылыштарды күтөт, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2016-жыл жыйынтыгы жана 2017-жылга карата милдеттери боюнча өткөрүлгөн коллегиялык жыйынында.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2016-жылкы жыйынтыктары тууралуу маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов сунуштады.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 2017-жылга карата салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу планын аткаруу боюнча милдеттерди койду.
«Салык кызматынын райондук башкармалыктары үчүн салык боюнча бекитилген болжолдуу көрсөкүчтөргө оңдоолорду киргизүү тажрыйбасына чекит коюуга мезгил жетти. Бекитилген болжолдуу көрсөкүчтөргө оңдоолорду киргизүү объективдүү себептердин негизинде өкмөттүк деңгээлде кабыл алынат. Буга катар коюлган милдеттерди аткара албаган түзүмдүк подразделение жетекчилерине ээлеген кызматынан бошотууга дейре катаал чаралар көрүлүшү керек. Ошол эле учурда салык кызматкерлеринин адискөйлүгүн жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүү кажет», – деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев салык кызматынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.
«Салык кызматынын түзүмүндө ири салык төлөөчүлөр менен иш алып барган эки атайы башкармалык бар. Аталган башкармалыктын функционалдык милдетин кайрадан карап чыгуу керек, мында район аймагында иштеген ар-бир ишкананын иши жөнүндө толук маалыматка ээ болгон жер-жерлердеги салык инспекторлору иш алып баруусу керек. Буга катар Салык кызматынын аймактык башкармалыктары керек учурда ишин жаңы баштоочу ишкерлерге көмөк көрсөтүүсү абзел, анткени, мамлекет кичи жана орто бизнести өнүктүрүгө кызыкдар», - деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев ошондой эле салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу, калктын ишеним көрсөткүчүн жогорулатуу, салыктарды жана төлөмдөрдү башкарууну жакшыртуу, отчет берүүдө салык төлөөчүлөр менен кайтарма байланыш механизмдерин киргизүү, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү сыяктуу салык кызматынын ишинин айрым аспектилерине токтолду.
[su_carousel source="media: 90205,90210,90209,90208,90207,90206" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү