07
Сентябрь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн бардык аймактарын жана бир катар жактарды «Кырчын» жайлоосундагы «Көчмөндөр Ааламы» фестивалын уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн сыйлады
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 7-сентябрда, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну алкагында Ысык-Көл облусунун «Кырчын» жайлоосунда өтүп жаткан «Көчмөндөр Ааламы» фестивалынын расмий жабылуу аземине катышты.
Өз сөзүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун атынан иш-чарага активдүү катышкан уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, «Көчмөндөр ааламы» фестивалынын маданий программасын даярдоо жана уюштуруу деңгээли жогору болгондугун белгиледи.
Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы, ошондой эле программадагы сынактардын жыйынтыгы боюнча улуттук тарых жана маданиятты жайылтууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөндөгүлөргө ыраазычылык кат тапшырылды:
1. Алтынбек Максутов – “Көчмөндөр Ааламы” театралдаштырылган эл аралык этномаданий фестивалынын башкы режиссеру;
2. Зайнидин уулу Улан – Көчмөндөр Ааламы” театралдаштырылган эл аралык этномаданий фестивалынын сценарийинин автору;
3. Орозбек Айдаров – “Көчмөндөр Ааламы” театралдаштырылган эл аралык этномаданий фестивалынын режиссеру;
4. Марат Шарафидинов - “Көчмөндөр Ааламы” театралдаштырылган эл аралык этномаданий фестивалынын сүрөтчүсү;
5. Жаманкулов Азамат - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору;
6. Рыскул Боромбаев – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун директору.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын ар-бир облусун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларын 300 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйлады. Акчалай сыйлыкка сертификаттар облус өкүлдөрүнө бүгүн вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева тарабынан тапшырылды.
Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын 3-7-сентябрында «Кырчын» жайлоосунда спорттун ар кыл түрү боюнча таймаштар өтүп, ошондой эле маданий иш-чаралар көрсөтүлгөн. Ар бир облус жайлоого шаарча тигип, меймандарга театралдаштырылган иш-чара, улуттук тамак-аштарды жана кыргыз элинин турмуш-тиричилигин чагылдырган оюн-зоокторду тартуулаган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү