30
Ноябрь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КР Жогорку Кеңешине республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароого сунуштайт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүн, 30-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2015-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароого сунуштайт.
Жогорку Кеңештин жыйынына Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү катышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү