23

Сентябрь

2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ипотекалык насыялоо шарттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак-жай 2015-2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна кол койду.

Аталган чечим жарандардын сунуштарын эске алуу менен кабыл алынган жана ипотекалык насыялоо шарттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Өкмөттүн кайрдан кол коюлган токтому аркылуу «Жеткиликтүү ипотека» жана «Социалдык турак-жай» эки багыты каралууда, ал турак-жай шартын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Ар бир багыт үчүн чечүүгө зарыл болгон, муктаждыгы жана көйгөйлөрүнүн өзгөчөлүгү эске алынган жарандардын тийиштүү категориясы аныкталган.

Мындан тышкары ипотека предметинин параметри кеңейтилет:

- турак-жайдын жалпы аянты – көп кабаттуу үйлөрдө аянты 80 кв. м. жогору эмес квартира, ал эми жеке турак жай боюнча аянты 150 кв. м.жогору эмес;

- “ачкычына дейре бүткөрүлгөн” турак-жайдын бир кв. м. наркы – «Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча 60 000 сомдон жогору эмес жана «Социалдык турак-жай» багыты боюнча 40 000 сомдон жогору эмес белгиленген.

Эскертсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак-жай 2015-2020» программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы токтому аркылуу кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү