14
Апрель
Өкмөт кыргызстандыктарды 15-апрелде жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргызстандыктарды эртең,15-апрелде өтө турган жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жазга карата даярдыктын алкагында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жыл сайын өтүүчү салтты жаңылап– аймактарда ишмебиликтерди өткөрүүнү тапшырган. Мындай иш чаралардын максаты – жаштарды өз мекенин сүйүүгө үндөө, жер-жерлерде тазалыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү тургундарды мобилизациялоо.
Белгилей кетсек, ыйман-адеп жана маданият жылынын алкагында ишембиликтерди өткөрүү жалпы жарандардын айлана чөйрөгө болгон камкордугун күчөтүүгө жана эмгекти сыйлоону калыптандырууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү