30
Март
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Айыл Банк» ААК башкы кеңсеси жайгашкан имараттын ижара мөөнөтүн узартты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарындагы Пушкин 50 дарегиндеги «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкы кеңсеси жайгашкан имараттын ижара мөөнөтүн 3 жылга узартты.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Аталган чечим “Айыл Банк” ААК мамлекеттик колдоо көрсөтүү менен материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жана мамлекеттик менчиктеги объекттин эффективдүү иштешин камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Мындан улам, Кыргыз Республикасынынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» конститцяиылык мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык, Бишкек шаарындагы Пушкин көчөсү, 50 дареги боюнча жайгашкан имаратты «Айыл Банк» ААК 3 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүү чечими кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгына көрсөтүлгөн тартипте «Айыл Банк» ААК менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы №374 токтомунун 2 главасындагы мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тууралуу жобосуна ылайык келишим түзүү тапшырмасы берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү