01
Февраль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөгү жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча активдүү ишти улантат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда, Чүй облусунун Чүй районундагы «Текстиль Транс» ЖЧК ишканасынын ачылыш салтанатына катышты.
Өкмөт башчы белгилегендей, аталган ишкананын ачылышы көптөгөн атамекендик ишкерлер каражаттарын пайдаланып жаткан Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ийгиликтүү иштеп жатышынын көрсөткүчү болуп саналат.
«Бул окуя Чүй облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн маанилүү болуп саналат. Аталган ишкананын ачылышы менен Кыргызстандын текстилдик продукцияны импортоодон көзкарандылыгы кыскарып, жергиликтүү тигүү өндүрүшүнүн өздүк наркы төмөндөйт. Атамекендик текстиль индустриясы келечекте өнүгүп, жаңы чет элдик рынокторду багындыра тургандыгына ишенем», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, жеңил өнөр жайы экономиканын артыкчылыктуу тармагы болуп саналат. Ал аталган ишкана Чүй облусундагы бирден-бир бюджет түзүүчү ишканаларынын катарына кирип, районду дотациядан чыгарууга көмөктөшөт деген ишенимин билдирди.
«Атамекендик текстилдик продукция чет элдик рынокто жакшы суроо-талапка ээ. Мындан тышкары, өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен атамекендик ишкерлерде, анын ичинде текстилдик продукция өндүрүүчүлөрдө кеңири рынокко чыгууга жакшы мүмкүндүктөр пайда болду», — деп билдирди Премьер-министр жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча активдүү иш жүргүзүлүп жаткандыгын эскертти.
Ошондой эле ал өлкө аймактарындагы социалдык жактан маанилүү өнөр жай обьектилеринин санын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Өкмөт башчы «Текстиль Транс» ЖЧКсынын продукция өндүрүү процесси менен таанышып, өндүрүш цехтерин жана кызматтык жайларды көрүп чыкты. «Текстиль Транс» ЖЧК башкы директору Алмазбек Абдраев Премьер-министрди 2016-жылдын ноябрь айынан тарта «пилоттук режимде» иштеп жаткан ишкана менен тааныштырып, тигүү өндүрүшүнүн жыл сайын өнүгүп жаткандыгын эске алуу менен «Текстиль Транс» кездеме өндүрүү боюнча завод куруу жөнүндө чечим кабыл алгандыгына токтолду.
Ал маалымдагандай, ишканада Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдан алынып келинген заманбап технологиялык жабдуу жана жогорку сапаттуу сырье пайдаланылат.
Башкы директор Алмазбек Абдраевдин айтымында, баштапкы этаптагы жалпы өндүрүмдүүлүк күнүнө 9-10 тонна даяр продукцияны түзсө, айына 225 тоннаны түзөт. Келечекте кубаттуулукту жогорулатууда суткасына 30 тоннага дейре продукция өндүрүү пландаштырылууда. Ишкана 150 адамды жумушчу орду менен камсыздайт.
Маалымдама: Ишкана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан атамекендик ишкерлерге берилип жаткан жеңилдетилген кредиттер аркылуу ишке киргизилген. Долбоордун жалпы наркы 9,5 млн АКШ долларын түзгөн, анын ичинен 7,5 млн АКШ доллары Фонд линиясы боюнча берилген.
[su_carousel source="media: 89219,89218,89217,89216,89215,89214,89213,89212,89211,89210,89209,89208,89207,89206,89205,89204,89203,89202,89201,89200,89199,89198" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89198,89199,89200,89201,89202,89203,89204,89205,89206,89207,89208,89209,89210,89211,89212,89213,89214,89215,89216,89217,89218,89219"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү