27
Сентябрь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калктын жана экономика тармактарынын күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшүн карайт
Бүгүн, 27-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтөт.
Жыйында «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору каралат.
Өкмөт ошондой эле калктын жана экономика тармактарынын 2016-2017-жылкы күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын жүрүшүн карайт. Мындан тышкары жыйындын күн тартибине Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 30-апрелиндеги чечимин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселе киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү