22

Сентябрь

2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 1-октябрынан тарта аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо деңгээлин жогорулатат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо деңгээлин жогорулататуу жана аз камсыздалган балдарлуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Токтом кепилденген минималдык киреше көлөмүн жогорулатууну карайт, ал аркылуу үй-бүлөнүн 810-900 сомго чейинки жөлөкпулга муктаждыгы аныкталат. Ошондой эле аз камсыздалган балдарлуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын көлөмүн 705 сомдон 810 сомго дейре жогорулатуу каралууда.

Бул чара аз камсыздалган балдарлуу үй-бүлөлөрдү социалдык жактан камсыздоону жакшыртууга жана жакыр үй-бүлөлөрдү жөлөкпулдар менен камтууга мүмкүндүк түзөт. Аталган төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатуу 2016-жылдын 1-октябрынан тарта жүргүзүлөт.

Ошондой эле жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү максатында жер тилкесинен жана короо-жайдан түшкөн киреше ченемдери кайрадан каралат. Ченемдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги “Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоо механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө” токтому аркылуу бекитилген жер тилкесинен жана короо-жайдан түшкөн киреше нормативдерин аныктоо методикасына ылайык эсептелет.

Кайрадан эсептөө КР Улуттук статкомитети тараптан берилген айыл чарба продукциясына карата учурдагы бааларды эсепке алуу менен жер тилкесинен жана короо-жайдын өндүрүү мүмкүндүгү боюнча маалыматтардын жана Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тараптан сунушталган область, район, айыл округдары чегиндеги кыртыш бонитетинин баллы негизинде жүргүзүлгөн.

Бүгүнкү күндө аз камсыздалгандыгы боюнча жөлөкпулду 272 миң адам, же 88 миң үй-бүлө алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү