07
Февраль
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүн көзөмөлгө алууну күчөтөт
Мурдараак маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүн көзөмөлгө алууну жана мамлекеттик жөнгө салуу боюнча функциясын ишке ашыруу боюнча ченемдик-укуктук актыларды ыкчам тартипте талапка ылайык келтирүү, бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган тутумду ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берген.
Аталган тапшырма Өкмөттүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө» токтомун аткаруу иретинде берилген.
Аталган токтомго ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, жүгүртүү жана импорттоону көзөмөлдөө, лицензиялоо жана мамлекеттик жөнгө салуу боюнча функциялары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берилген.
Белгилесек, бардык функциялардын МСКда топтолушу мамлекеттин алкоголдук тармактын өнүгүүсүнө карата көзөмөлүнүн төмөндөшүнө жана анын экспорттук мүмкүндүктөрүнүн кыскарышына алып келген. Функциялардын бөлүштүрүлүшү Айыл чарба министрлигинин алкоголдук продукцияны өнүктүрүү боюнча ыйгарым укугун чыңдайт.
Мында Мамлекеттик салык кызматында акциздик маркаларды берүү, алкоголдук тармактарда салык постун орнотуу, рейддик көзөмөлдү ишке ашыруу, акциздик салыкты чогултуу функциялары сакталды.
Натыйжада, Өкмөт алкоголдук продукцияны өндүрүү, жүгүртүү жана импорттоого эки ирет көзөмөлдү киргизүүдө, бул өз кезегинде мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдүн жогорулашына, мыйзамсыз жүгүртүүлөрдүн кыскарышына алып келет. Аталган чара ошондой эле аталган тармактагы коррупцияны жоюуга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү