20

Январь

2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылга карата юбилейлик иш-чаралардын тизмесин бекитти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 2016-жылга карата юбилейлик иш-чаралардын тизмесин бекитти.

Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмесине Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, 1916-жылкы окуялардын 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кыргыз АССРинин негизделишинин 90 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин негизделишинин 80 жылдыгы киргизилди.

Белгилүү ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө Өкмөт тарабынан эл аралык маанидеги иш-чара катары аныкталды.

Мурда белгиленгендей, Өкмөт юбилейлик иш-чараларга карата мамилени кайрадан карап чыгып, мамлекеттин жана эл турумушундагы маанилүү тарыхый окуяларды өткөрүүгө басым жасамакчы.

Мындан тышкары, өлкө Президенти 2016-жылды Тарых жана маданият жылы катары жарыяланышына байланыштуу аны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн Өкмөт чечими аркылуу Мамлекеттик дирекция түзүлгөн, ага кыска мөөнөт ичинде Иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырылган.

Ошондой эле Премьер-министр тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго жана облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына 2016-жылга өз ишмердүүлүгүн пландаштырууда Кыргызстандын белгилүү инсандарынын юбилейлери жана тарыхый даталар кирген юбилейлик иш-чаралардын тизмесин жетекчиликке алууну тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү