06

Февраль

2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын жылына 6% үстөк менен жеңилдетилген насыялоону караган долбоорду бекитти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн долбооруна кол койду, ага ылайык, “Айыл чарбасын каржылоо - 5” долбоору бекитилди.

Долбоордун максаты - ишкер субъекттерине жана жеке жактарга 2017-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагындагы кызматтарды мындан ары да өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыя каражаттар менен камсыздоо жолу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Долбоор алкагында коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин каражаттары 2017-жылы ишкер субьектилерине жана физикалык жактарга жеңилдетилген пайыздык үстөктөр боюнча берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдарын 2017-2019-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен субсидиялайт.

Кредиттерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин зайымчылардын карыздарын кайра каржылоого укуктары жок.

Долбоорго катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер зайымчыларга төмөндөгүдөй негизги жалпы шарттарда кредит берүүгө милдеттүү:

- “Мал чарбачылык” тармагы үчүн – жылына 10%, 18 айдан ашык эмес;

- “өсүмдүк өстүрүү” тармагы үчүн - жылына 10%, 24 айдан ашык эмес;

- “айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана иштетүү” жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү тармагы үчүн - жылына 6%, 36 айдан ашык эмес.

Финансы министрлигине жана Экономика министрлигине тийиштүү тартипте төмөнкүлөрдү аткаруу тапшырылды:

- Аталган долбоорго катышуучу коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзүүсү;

- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин каражаттарынан субсидиянын биринчи траншын каржылоосу;

- “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда субсидиялардын экинчи жана үчүнчү транштарын төлөө үчүн зарыл каражаттарды кароосу тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү