11
Март
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-2020-жылдарга Электрондук саламаттык сактоо програмасын бекитти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында министрлер кабинети 2016-2020-жылдарга Электрондук саламаттык сактоо програмасын бекитти.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев белгилегендей, саламаттык сактоо маселеси абдан маанилүү жана бирдиктүү электрондук тутумдун киргизилиши зарыл болуп саналат. Ошол эле учурда медициналык тейлөөлөрдүн ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо керек.
«Кыргыз Республикасынын 2016-2020-жылдарга Электрондук саламаттык сактоо програмасын бекитүү жөнүндө” маселесин кароо учурунда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, аталган программа жарандарга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу негизинде аларга жеткиликтүү медициналык көмөк көрсөтүүнү жана жеке учетко алууну киргизүү максатында сунушталууда.
«Дүйнөдө бир канча убактан бери карай эле электрондук саламаттык сактоо тутуму пайдаланылат. Бизде болсо маалымат кол мен жыйналат, кээде каталар кетирилет. Натыйжада көйгөйлөр келип чыгат. Электрондук саламаттык сактоо тутумуна өтүү ар-кыл кагаздарды толтурууда ишти жеңилдетип, калкты медициналык тейлөөнү тездетет жана жарандарга медициналык көмөк көрсөтүүдө жеке учетко алууну киргизүүгө шарт түзөт», - деди министр.
Талкуу жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү 2016-2020-жылдарга Электрондук саламаттык сактоо програмасын бекитти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү