22
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Центерра Голд Инк» компаниясына 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процесс
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Центерра Голд Инк» компаниясына 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгуусу жөнүндө билдирүү жөнөттү.
Аталган сүйлөшүү процесси 2015-жылдын апрель айынан тарта иш жүзүндө активдүү эмес фазада эсептелген.
Үстүбүздөгү жылдын март айында «Центерра Голд Инк» компаниясы тарабынан өндүрүлүп жаткан алтын запастарын кыскартууну караган Кумтөр кенин эксплуатациялоонун Жаңы тоо планы жарыяланган соң, тараптар реструктуризациялоонун финансы-экономикалык модели боюнча бирдиктүү пикирге келе алган эмес.
Мындан тышкары, «Центерра Голд Инк» компаниясы тараптан Биргелешкен ишкананы каттоо жана корпоративдик башкаруу маселелери, соттук доолорду чечүү, биргелешкен ишкананын башкаруу компаниясынын ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги боюнча кыргыз тарап үчүн ылайыксыз эсептелген бир катар шарттар көрсөтүлгөн.
Ошондой эле «Центерра Голд Инк» компаниясы “Кумтөр” кениндеги экологоиялык маселелерди комплекстүү чечүүгө байланышкан «АМЕС» компаниясынын сунуштарын толук эске алуу жана ишке ашыруу тууралуу шарттарын кабыл алган эмес.
Жогоруда аталгандарды жана «Центерра» компаниясынын өзгөрүлбөс позициясын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Центерра Голд Инк» компаниясына 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгуусу тууралуу билдирүү жөнөттү.
Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү иштеп жаткан келишим учурдагы шартта Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербейт деп эсептейт.
Буга байланыштуу Өкмөт “Кумтөр” кенин иштетүүдөн Кыргыз Республикасы үчүн финансылык агымдардын жогорулашын жана айлана-чөйрөнү коргоо маселесинин комплекстүү чечилишин караган, ошондой эле «КГК» ЖАКтагы корпоративдик башкаруу механизмдерин жакшыртылышын шарттаган “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоонун жаңы вариантын демилгелемекчи.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурдагыдай эле “Кумтөр” кениндеги өндүрүштүн үзгүлтүксүз камсыздалышына кызыкдар экендигин жана «Центерра Голд Инк» компаниясы тараптан кен казуу тармагындагы ачыктык талаптарына жана стандарттарына, мыкты дүйнөлүк тажрыйбага ылайык келген, “Кумтөр” долбоорун натыйжалуу ишке ашырууну камсыздай ала турган өз-ара пайдалуу макулдашууларга жетишүү боюнча конструктивдүү кадамдарга ниеттенгендигине ишендирип кетет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү