19

Сентябрь

2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Liglass Trading CZ, SRO» чех компаниясы менен макулдашууну бир тараптуу тартипте жокко чыгарды

Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Liglass Trading CZ, SRO” чех компаниясынын  “Кыргыз Республикасында чакан ГЭСти куруу" долбоорун ишке ашыруусу каралды.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кеңешменин жүрүшүндө чех компаниясы 37 миллион АКШ долларын төлөө мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен расмий кат аркылуу 3.1.5 пунктуна ылайык "Инвестициялык кызматташуу жөнүндө Келишимин ишке ашырууда кошумча инвестициялык долбоорду куруу, Кыргыз Республикасында Акбула ГЭС жана Нарын ГЭС-1 Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадасын ишке киргизүү жана пайдалануу” кайрылганын билдирди.

«Мыйзамга жана Келишимге ылайык төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө укуктук мүмкүнчүлүктөр берилген эмес деп биз бир пикирге келиштик. Ушуга байланыштуу, келишимди бир тараптуу токтотуу зарыл»,- деп билдирди Дүйшөнбек Зилалиев.

Өкмөт Башчысы Сапар Исаков Келишимди бир тарапта токтотууга тийиштүү жол-жоболорду чех компаниясына жазуу жүзүндө билдирүүнү тапшырды.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Өкмөт башчысына «Liglass Trading CZ, SRO» Чех компаниясынан Кыргыз Республикасынын эсебине 1 миллион 147 миң АКШ доллары түшкөнүн, бул каражат тендерде көрсөтүлгөн тиешелүү доументтерге ылайык кыргыз тарапта калары тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Премьер-министр Сапар Исаков Дүйшөнбек Зилалиевден Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чех компаниясы тууралуу терс чечими боюнча да сурады. Ал өнөр жай энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин тендердик комиссиянын жыйынында мындай кат тууралуу буйрук болбогонун жана айтылбаганын билдирди.

Ал Чехиянын өнөр жай министрлигинин жана Президенттик Аппаратынын жетекчисинин атынан аталган компания үчүн жоопкерчилик алган каты бар экенин да кошумчалады.

«Мен долбоордун алкагында бардык документтерди жана каттарды кайра жөнөтүүнү каалаганмын. Биз документти кармап тендердик жол-жобосун жүзөгө ашырууга  убакыт короттук. Бул маселени жеке көзөмөлүмө алам, биз муну менен эле токтоп калбай, мындан ары кетишибиз керек», — деди Премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Төмөндө Чехия Республикасынын Өнөр жай министрлигинин жана Президенттик Аппаратынын жетекчисинин атынан «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясына карата көрсөтмө катынын көчүрмөсү тиркелген.

[su_carousel source="media: 103362,103365,103364,103363,103435,103436,103437,103438" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]