06
Сентябрь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык келишимди киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков социалдык контракттын негизинде аз камсыздалган балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пул берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Социалдык контракттын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- социалдык системадан толук көз карандысыздыкты алуу жана коомдук жашоого толук катышуу максатында жашоо деңгээлин жогорулатууга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кызыктыруу;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек потенциалын жана мүлктүк потенциалын тартуу;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумундагы жан бактылык себептерин төмөндөтүү.
Мөөнөтү 1 жылга созулган пилоттук долбоор 2016-жылдын сентябрь айында нарын облусунун Ак-талаа районунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарныда ишке киргизилет.
Пилоттук долбоорду ишке ашыруудагы өнөктөштөр Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жанап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.
Пилоттук долбоор Дүйнөлүк банктын эскперттик колдоосу аркылуу ишке ашырылат. Пилоттун жыйынтыгында республика боюнча социалдык келишимдин мүмкүнчүлүктөрүн алдыга жылдыруу боюнча чечим кабыл алынат.
Белгилей кетсек, социалдык келишим бул – аз камсыз болгон жөлөкпул алуучулар менен социалдык коргоо органдарынын ортосундагы өз ара милдеттерди аткаруудагы түзүлгөн келишим.
Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өз каалоосуна жараша, мал чарбасын өнүктүрүүгө, өсүмдүктөрдү көбөйтүүгө жана майда ишкердикти өнүктүрүүгө жөлөкпулдун жылдык суммасынын 75 же 100% ала алышат.
Кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугу үчүн социалдык коргоо адистери менен биргеликте социалдык контрактка катышууну каалаган ар-бир үй-бүлө үчүн социалдык адаптациялоо программасы иштелип чыгат.
Социалдык адаптациялоо программасын ишке ашыруу процессинде долбоор катышуучуларын социалдык коргоо адистери жана мал өстүрүү жана өсүмдүк өстүрүү боюнча эксперттер коштоп жүрөт.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү