17

Март

2017

Кыргызстандын Өкмөтү жол кыймылынын коопсуздугу боюнча фото жана видеофиксация системасын ишке ашырууга кызыкдар

Кыргыз Республкиасынын Өкмөтү жол кыймылынын коопсуздугу боюнча фото жана видеокфиксация системасын ишке ашырууга кызыкдар,-деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Бишкек шаарында фото жана видеофиксация системасын ишке ашыруу долбоорунун бет ачаарында.

«Убакыт бизден тарптип бузууларды жана профилактикалык чараларды ыкчам жүргүзүп туруу жолу аркылуу коомдук коопсуздукту камсыз кылууда так аныкталган чечимдерди кабыл алууну талап кылат. Коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, жарандар көп жүргөн ири шаарларда жана элдер көп болгон чоң көчөлөрдө фото жана видеофиксация жакшы жардам берет», - деди ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков фото жана видеофиксация системасын комплекстүү ишке ашырууда Россия Федерациясынын IT-компанияларынын тажрыйбасы мол экенин билдирди.

«Муну эске алуу менен Бишкек шаарына ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы мол болгон россиялык бир катар компаниялардын жетекчилери чакырылды. Аталган долбоордун бет ачаары өлкөдө фото жана видеофиксация системасын ишке ашырууга жакшы башталыш болуп берет деп ишенем», -деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Фото жана видеофиксация боюнча пилоттук долбоор Ош жана Бишкек шаарларында «Кыргызтелеком» ААК улуттук операторунун инфраструктуралык базасында ишке ашырылат.

Компаниянын базасында долбоорду ишке ашырууга техникалардын даярдыгы 80%- бул бардык республикага таратылган оптоволокондук түйүн, чоң серверлер, жогорку деңгээлдеги адистер жана өнүккөн инфраструктура.

Долбоорду ишке киргизүү үчүн программалык-аппараттык комплекс жана видеокамераларды ачылышка катышкан Россиянын IT-компаниялары алып келүүгө даяр.

Бет ачаарда Россиянын IT-компанияларынын жетекчилери Бишкек шаарында пилоттук долбоор катары ишке аша турган фото жана видеофиксация долбоорун ишке ашыруунун негизги принциптери тууралуу маалымат беришти.

[su_carousel source="media: 91617,91618,91619,91620,91621,91622,91624,91625" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү