09

Июнь

2017

Өкмөт бюджеттин өндүрүш секторунда импорт алмаштыруучу жана экспортко багытталган компанияларды каржылоону ишке ашырууга ниеттенүүдө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда, экспортко багытталган ишканаларды каржылоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

«Өкмөт өлкөдөгү экспорттук потенциалды көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. 2017-жылдын биринчи кварталында былтыркы жылга салыштырмалуу экспорттун туруктуу өнүгүүсү байкалууда», - деди Премьер-министр.

Аны менен бирге  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экспортту колдой турган банк түзүүнүн маанилүүлүгүн жана бул маселе эчак эле ишке ашырылышы керектигин белгиледи. Өкмөт башчы аталган чара өлкөдө орто жана чакан бизнести колдоп, кошумча каражат айландыруусуна жардам берерин кошумчалады.

Экономика министринин орун басары  Эльдар Абакиров өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана айыл чарбасын каржылоонун натыйжалуулугунун шарттары жөнүндө маалымат берди.

Ал кайра иштетүү өнөр жайында импорт алмаштыруучу жана экспортко багытталган компанияларды каржылоону ишке ашыруу үчүн  банк түзүп, ага "РСК" ААК жооптуу кылып, өндүрүш секторунда жана экспорттун ишканаларды каржылоо ишке ашыруу боюнча, экономиканын фонд башка секторлорун каржылоого тыюу салуу сунушун беришти.

Экономика министринин орун басары  Эльдар Абакиров белгилегендей, айыл чарба тармагындагы ИДП көрсөткүчү 2011-2013жж. «Айыл чарба тармагын каржылоо» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 13 миллиард 916 миллион сомго жогору болгон. Аны менен бирге бул аралыкта коммерциялык банктар насыя берүү суммасын 51 миллиард 325 миллион сомго көбөйткөн.

«Айыл чарбасында 1 сомдук өсүш 3,7 сом алды деген тыянак чыгарса болот. 2013-2016-жылдар аралыгында айыл чарба тармагын каржылоодон кийин, бул көрсөткүч ушундай каржылоонун натыйжалуулугун кескин төмөндөшү жөнүндө сөз болгон эле. Азыр  14,8 сомго жетти», - деди Эльдар Абакиров.

Экономика министринин орун басары бул чийки зат тармагында каржылоо алсыз болуп жатканын чагылдырып,  андан ары кайра иштетүү алсыз болуп турганда, аны каржылоо  начар  ресурстук базаны көрсөтүп турганын билдирди.

«Демек, мында бир жагдай пайданын жоголгонун көрүп жатабыз, пайда алган учурда - башка мамлекеттер биздин чийки затты колдонуу менен  кайра иштетүү жана кайра сатуу боюнча башка өлкөлөр киреше таап жатышат», - деди Эльдар Абакиров.

Бул жагынан алганда, ал дагы бир жолу экспортко багытталган ата-мекендик чийки зат жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, кайра иштетүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Эльдар Абакиров өлкөдө кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүшү токтоп турган ишканалардын иштерин даярдоо боюнча саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, тарифтик эмес жана финансылык чараларды иштеп чыгуу жана товарларды эл аралык рынокторго алып келүү керектигин кошумчалады.

«Жогорудагы милдеттерди ишке ашыруу үчүн импорт алмаштыруучу жана экспортко ылайыкталган компаниялардын каржылоону ишке ашыруу сунуш кылынат өндүрүш секторунун, өндүрүш жана экспорттоо жаатында "РСК"  ААК каржылоо ишканалардын ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик жүктөлсүн. Ошол эле учурда башка экономикалык секторлорун каржылоо тыюу салуу керек», - деди Эльдар Абакиров.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын экономикасынын министрлиги тарабынан иштелип чыккан экспортко багытталган ишканаларды колдоо үчүн комплекстүү иш-чараларды бекитүү чечими кабыл алынды.

[su_carousel source="media: 96677,96678,96679,96680,96681,96682,96684,96685,96686" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү