24
Март
2016
КР Өкмөтү Аксы районунун аймагындагы Унгар-Тоо тилкесин Өзбекстан Республикасынын аймагы деп тааныбайт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Аксы районунун аймагындагы Унгар-Тоо тилкесин Өзбекстан Республикасынын аймагы катары тааныган эмес.
Аталган тилке Кыргыз-өзбек мамлекеттик чекарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиясы тарабынан макулдашылып, бекитилген эмес.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү