13
Февраль
Өкмөт “Билим берүү мекемелеринин бюжеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө” токтом долбоорун жактырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө белгилегендей, “Билим берүү мекемелеринин бюжеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө” токтом долбоору зарыл.
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева баяндама жасап, аталган токтом долбоору “Камкордук кеңеши жөнүндө” КР Мыйзамын ишке ашыруу, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу жана аталган каражаттарды натыйжалуу жана ачык пайдалануу механизмин иштеп чыгуу максатында иштелип чыккандыгын маалымдады.
Эльвира Сариеванын айтымында, формалдуу эмес чогултуулардын жагымсыз таасири төмөнкүчө: калкка жагымдуу мектептердин көмүскө коммерциялашуусу орун алат, каражаты төмөн эсептелген калктын катмарына сапаттуу тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү төмөндөйт, төлөмдөрдүн өсүүсү башаламан жана көзөмөлсүз формада жүрүп, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө карата коомдук талаптарга жооп бербейт. Мындан тышкары, мындай ишмердүүлүкүтүн натыйжасында алынган кирешелер бюджеттин жетишсиз каржылоосу шартында чыгашаларды жабуунун кошумча булагы катары кызмат кылбастан, бюджеттик уюмга өз персоналын маитериалдык жактан колдоо көрсөтүүсүнө, материлдак-техникалык базасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк бербейт.
«Буга байланыштуу сунушталгандай, бюджеттен тышкаркы булактардан түшкөн акча каражаттары мекеменин банктагы эсептик счетуна киргизилет. Ошондой эле мектепке чейинки жана мектептик билим берүү пилоттук уюмдарына түшкөн акча каражаттарынын чыгашаларын аныктоо укугун берүү каралууда», — деди министр.
Формалдуу эмес төлөм жана чогултуулардын жагымсыз таасирин жумшартуу үчүн мекемелердин бюджеттик эмес ишмердүүлүгүн экономикалык жактан стимулдашытрууга багытталган чараларды иштеп чыгуу зарыл.
Жыйын жүрүшүндө Премьер-министр белгилегендей, учурда илим жана билим берүү тармагында көптөгөн өзгөрүүлөр орун алуда.
"2016-жылга карата биз өз алдыбызга өлкөнүн бардык мектептерин Интернетке кошуу милдетин койгонбуз, анткени бул – убакыт талабы, аны менен катар өнүгүү үчүн тийиштүү маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо керек. Мындан тышкары, бардык мектептерде видеокөзөмөлдөө камералары орнотулушу кажет. Бардык коюлган милдеттерге жетишүү үчүн акча каражаты табылышы керек», — деди Темир Сариев.
Талкуулардын жыйынтыгы боюнча, “Билим берүү мекемелеринин бюжеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө” токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан жактырылды.
Отдел информационного обеспечения
Аппарата Правительства КР