13

Июнь

2015

Өкмөт “Кыргыз Республикасынын Аба кодексин ишке киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө” токтом долбоорун жактырды

Бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Өкмөттүн жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Аба кодексин ишке киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө” токтом долбоору каралды. Аталган документти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Аргымбек Малабаев тааныштырды.

Ал белгилегендей, Кодекс долбоорун иштеп чыгуунун негизги максаты катары Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагын жөнгө салуучу мыйзам чыгаруу тутумун стандарттарга жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун сунуштаган тажрыйбасына ылайык келтирүү үчүн жакшыртуу болуп саналат.

“Кодекс долбоорун иштеп чыгууда ИКАОго мүчө-өлкөлөрдүн алдыңкы эл-аралык тажрыйбалары, ИКАОнун 2009-жылдын аудит жыйынтыгы боюнча учуулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөлдү уюштурууну текшерүү боюнча универсалдык программасынын сунуштары, ошондой эле жарандык авиация тармагындагы эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин тажрыйбасы пайдаланылган», – деп белгиледи Аргынбек Малабаев.

Анын айтымында, Кодекс долбоорунда жарандык авиация органынын ишмердүүлүгүн каржылоонун жаңы механизми сунушталат.

“Иштеп жаткан Кодекстин 8-беренесине ылайык, жарандык авиация органынын ишмердүүлүгүн каржылоо мамлекеттик бюджеттин жана жарандык авиациянын чарба жүргүзүүчү субьектилеринин тийиштүү төлөмдөрү эсебинен ишке ашырылаары каралган. Кабыл алынган учурдан, тактап айтканда, 2007-жылдан тарта аталган норма иштебейт. Негизги себеп жарандык авиациянын чарба жүргүзүүчү субьектилери тараптан каржылоо маселеси Кыргыз Республикасынын мыйзамында карама-каршылыктуу жана бир багыттуу эмес түшүндүрүлөт. Натыйжада, аталган норманы ишке ашыруу мүмкүн эмес бойдон калууда, бул өз кезегинде ИКАО аудиторлору тарабынан көптөгөн маселелердин келип чыгуусуна мүмкүндүк түзүүдө. Ошондуктан жарандык авиация органынын ишмердүүлүгүн каржылоо булактарын, ага катар мамлекеттик бюджеттен каржылануусу менен бирге жарандык авиация уюмдарынан бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн көрсөтүү жолу аркылуу каржылоо механизмин негиздөө сунушталууда», – деди транспорт жана коммуникациялар министри.

Бардык өзгөртүүлөргө кошумча түрдө Аргынбек Малабаев билдиргендей, Кодекс долбоорунун I Бөлүгүнүн жаңылыгы катары ИКАО талаптарына ылайык авиациялык окуяларды жана чатактарды иликтөө боюнча айрым мамлекеттик органды түзүү эсептелет.

“Кодекс долбоорун кабыл алууда республикалык бюджеттен финансылык чыгымдар талап кылынбайт. Бирок жарандык авиация тармагындагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун кабыл алынышын талап кылат», – деп жыйынтыктады министр Аргымбек Малабаев.

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Финансы министрлигинин сунуш-пикирлерин эске алуу менен жактырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү