31
Октябрь
Өкмөт 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун жактырды. Тиешелүү чечим бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев маалымат берди.
«2017-жылы ИДП өсүү темпи 3,5% болору күтүлүүдө, ал эми бекитилген өсүү көрсөткүчү 2,9%. 2017-жылы гранттарды эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесинин көлөмү 156 056,5 млн. сом же, 31,6%.
2018-2019-жылдарга республикалык бюджеттин кирешелери 142 581,9 млн. сомду түзөт, көрсөтүлгөн талап 142 129,8 млн. сом», — деди ал.
Финансы министри Адылбек Касымалиев билдиргендей, 2017-жылга жалпы чыгашалардын көлөмү 177 121,4 млн. сом (35,8% ИДПга) жетери күтүлүүдө.
«2017-жылы республикалык бюджеттин жалпы чыгаша бөлүгү 162 326,8 млн. сом (35,8% ИДПга), бул 12 176,3 млн. сомго бекитилген суммадан жогору болуп саналат. 2017-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 064,8 млн. сомду түзүп, ИДПга4,3 % болот », — деди финансы министри Адылбек Касымалиев.
Талкуунун жыйынтыгында айтылган сындарды эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.
[su_carousel source="media: 106378,106367,106368" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү