23
Июнь
2017
Өкмөт Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы каза болгондорго жана жабыркагандарга материалдык жардам көрсөттү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, 2017-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы газ толтуруучу станциянын жарылуусунун кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү