23

Декабрь

2016

Өкмөт Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмү оптималдаштырылат.

Аталган чечим Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ведомстволук жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн ортосундагы функцияларды так ажыратуу жана ведомствонун кадрдык мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Оптимизация алкагында “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын Башкы дирекциясынын 13 штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу борборуна өткөрүп берүү менен катар аны химиялык, радиациялык жана биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселесинде күчтөндүрүү каралууда. Өз кезегинде “Ысык-Көл” биосфералык аймагы “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясы болуп кайра түзүлүүдө.

Инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, парктардын жана биосфералык аймактардын туруктуу иштөө мүмкүндүгүн күчтөндүрүү максатында био ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо функциясы Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаментинен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин борбордук аппаратына өткөрүлүп берилет. Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти тийиштүү түрдө Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти болуп түзүлөт.

Токтом аркылуу жаратылыш ресурстарынын бардык компоненттерин натыйжалуу пайдалануунун коргоо маселесин эффективдүү координациялоо үчүн Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментин Жаратылыш аймактарын пайдалануу жана коргоо департаментине кайрадан түзүү каралууда.

Мындан тышкары оптимизациялоо максатында, ошондой эле агенттикке караштуу Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти тарабынан сунушталган тейлөөлөрдүн тизмесин жана спецификалык ишин эске алуу менен аны Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине караштуу «Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу» мамлекеттик мекемесине кайра уюштуруу чечими кабыл алынды, мында анын штаттык саны кыскартылышы каралган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү